Бүттү. Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасын жыйынтыктады
RU

Бүттү. Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасын жыйынтыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеңил салмактагы Абсолюттук мушкерлик чемпионаттын (UFC) чемпиону, россиялык Хабиб Нурмагомедов расмий түрждө карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу UFC'нин жетекчиси Дэйн Уайт өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жарыялады.

"Ал 100% расмий түрдө пенсияга чыкты. Сенин ишиңе көз салуу абдан кызыктуу болду, рахмат сага. Мындан ары жашооңдо боло турган окуялардан рахат алып жаша, досум", - деп Уайт жазды.

Мушкер өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу UFC командасына ыраазычылык билдирген. "Жигиттер, силер менин жана башка көптөгөн адамдардын жашоосун өзгөрттүңөр. Дэйн, мен эч качан сенин мага жасаган мамилеңди унутпайм, менин атам да унуткан эмес, уулдарымдын да ар дайым эсинде болот", - деп Нурмагомедов жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1001