Ташиев чиновниктерге: "Аялыма, балама унаа алып берем деп жүрүп балээге калып жатасыңар"
RU

Ташиев чиновниктерге: "Аялыма, балама унаа алып берем деп жүрүп балээге калып жатасыңар"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин жыйынында аткаминерлер бай жашабашы керек деди. Ал жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине, министрлерге кайрылып таза иштөөгө чакырды.

"Ушул жерде 50дөй адам отурабыз. Барыбыз өзүбүздү таза деп сезебиз. Бирок ичиңерден эмне иш кылып жатканыңарды өзүңөр билесиңер. Айрыкча жергиликтүү бийлик органдары, министрлер, менин кесиптештерим... Мамлекеттин кызыкчылыгына иштегиси келбегендер үчүн эшик ачык. Бизнес кылгыла, бай жашагыла, кубангыла, эч ким эч кимге тоскоолдук кылбайт. Бирок чиновниктер бай жашабашы керек, ушуну эске алгыла. Бай болушу мүмкүн эмес. Мамлекеттик кызматка аким, мэр, губернатор, министр болуп келип байыйм деген түшүнүктү ыргытыш керек. Азыр мындай болбойт", - деди ал.

Ташиев мурда мамлекеттик кызматка орношуу үчүн акча берилгенин, ар бир кызматтын "ставкасы" бар болчу дейт.

"Азыр бирөөдөн бир тыйын алуу жетекчилердин оюнда жок. Силер деле ошентип иштей бергиле да. Аким, мэр болуп келериңер менен "кантип байып кетсем, кайсы жерден эмне алсам?" деп ойлонуп баштайсыңар. Аялыма унаа, балама Бишкектен үй алып берем деп жатасыңар, маалыматтар бар. Үй керекпи кайрылгыла Министрлер кабинетине, бардык мамкызматкерлерге ипотекага үй берүү боюнча иштер жүрүп жатат. Аялыма, балама унаа алып берем деп жүрүп балээге калып жатасыңар, этият болгула", - деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10026