Төмөнкү Ала-Арчада бажы кызматынын райондук имаратынан өрт чыкты
RU

Төмөнкү Ала-Арчада бажы кызматынын райондук имаратынан өрт чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан бажы кызматынын райондук имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркагандар жок дешет.

Белгилүү болгондой, Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын аталган айылдагы имаратынын от жагуучу бөлмөсүндө түндө өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 01:10дө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт саат 02:27де чектөөгө алынып, саат 04:00дө толук өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен имараттын 450 чарчы метр чатыры, ток берүүчү генератор күйдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10029