Көмүрдү жасалма долларга сатып алганга аракеттенген киши кармалды
RU

Көмүрдү жасалма долларга сатып алганга аракеттенген киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө жасалма акчага көмүр сатып алганга шектүү кармалды. Ал сатуучуга 200 доллар берип 1,700 тонна көмүр сатып алган. Калган акчаны сом менен алып кетип калган.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 22-январда болгон. Анда сатуучу акча жасалма экенин айтып, милицияга кайрылган.

Бул факты боюнча 233-берене (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-аракеттеринин натыйжасында шектүү катары 1987-жылы туулган Дж.А. кармалды. Ал Сокулук айылында да жасалма акчага көмүр алып жатканда колго түшүрүлдү.

Кармалган учурда жанынан 500 евролук купюрадан 75 даана жана 100 долларлык купюрадан 67 даана табылды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын жасалма акча менен байланышкан бир нече кылмыш жасаганы аныкталып, тергөө амалдары улантылууда дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10033