Өлкөдө кызамык боюнча абал туруктуу. Ооругандардын бири Түркиядан келген
RU

Өлкөдө кызамык боюнча абал туруктуу. Ооругандардын бири Түркиядан келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө кызамык жана кызылча менен 6 адам ооруп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта Республикалык иммунопрофилактика борбору январь айында өлкөдө кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзгөнү айтылат. Ага ылайык, 4 адам кызамык менен ооруп жатканы лабораториялык текшерүүдө аныкталды. Алардын бири Түркиядан келген. Дагы 2 адам кызылча оорусу менен жабыркап жатканы белгилүү болду.

Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп жатат. Республикада кызамык боюнча абал туруктуу, кызамык оорусунун айрым учурлары катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү протоколдук тапшырмалар кабыл алынды: кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдү күчөтүү, эмдөөнүн маанилүүлүгү жана кызамыкты алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу иш-чараларын күчөтүү. Ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан оорулуу менен байланышта болгондорду көзөмөлдөө боюнча эпидемиологиялык чаралар көрүлүүдө.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10034