Майлуу-Сууда тургундарга жылуулук бериле баштады. Бирок суу бериле элек
RU

Майлуу-Сууда тургундарга жылуулук бериле баштады. Бирок суу бериле элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында №3 отказан иштей баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда кезек-кезеги тургундардын үйлөрүнө жылуулук берилүүдө.

Майлуу-Сууда №3 отказанды кайрадан иштетүү үчүн жаңы 500 метр узундуктагы желим түтүк Майлуу-Суу дарыясына чейин тартылып, суу насосу орнотулган. Ал эми буга чейин 1 миң 234 абонентти жылуулук менен камсыздаган №1 жана 198 абонентке жылуулук берген №4 отказан ишке берилген. Шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында дагы да болсо суу түтүктөрүн эритүү иши жүрүүдө. Азыркы тапта шаарда жалпы 243 кызматкер, суу ташуу үчүн төрт өрт өчүрүүчү унаа жана бир экскаватор, бир трал, 44 техника кызматкер тартылды.

Эске салсак, катуу суукка байланыштуу Майлуу-Сууда 12-январда таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Шаардагы кырдаалга байланыштуу жашоочулар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10038