Колу, буту байланган. Чүй каналынан сөөгү табылган кишинин өлүмүнө шектүүлөр аныкталды
RU

Колу, буту байланган. Чүй каналынан сөөгү табылган кишинин өлүмүнө шектүүлөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Чоң Чүй каналынан 4 күндөн бери изделип жаткан эркек кишинин сөөгү таблыган. Анын өлүмүнө шектелип 2 адам кармалганын Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициядан маркумдун денесинде тактар болгонун, ал колу, буту байланган абалда табылганын билдирет.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон жаран 2022-жылдын 19-декабрынан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 1989-жылы А.К. экени такталды.

Кылмышка шектелип 2000-жылы туулган У.Ш. жана 1991-жылы туулган Д. К. кармалды. Алар маркумду 19-декабрда сабап, колу, бутун байлап, каналга ыргытып жиберишкенин моюндашты.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканы маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10039