Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдил Сегизбаевди сотко алып келишти
RU

Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдил Сегизбаевди сотко алып келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-мартта Биринчи май райондук сотко экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаевди алып келишти. Белгилүү болгондой, сот алардын жаза чарасын узартуу маселесин карайт.

Ушул күнгө чейин алар УКМКнын СИЗОсунда камакта болушчу.

Белгилей кетсек, мурунку премьер-министр Абылгазиев мыйзамсыз баюу фактысы менен айыпталууда, андан тышкары премьер-министр болуп турган кезинде "Кумтөр голд компани" ЖАК боюнча геологиялык чалгындоолорду жүргүзүү жана алтын иштетүүгө кошумча кошумча жерлер берүү токтомуна кол койгон. Алтын кендин жалпы аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектары түздү. Ага бир нече мөңгү жана коркутун аймагы да кирген

Сегизбаевге эки кылмыш иши козголгон. Бирөөсү Кой-Таш айылында жерлерди мыйзамсыз менчикке чыгарып алуу боюнча, экинчиси "Белизгейт" арызы боюнча. Сегизбаев 25-мартка чейин камакта болот.

Абылгазиев абалы жайында экенин билдирди.

Сегизбаев аны колдоп келген тарапташтарына ыраазычылыгын айтты. Андан тышкары Сегизбаевди уулу да тосуп чыкты. Ал баласын чекесинен өөп экөө учурашышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1003