Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу уланууда
RU

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуунун IV туру башталгандыгын маалымдайт.

  • Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00дө аяктайт.
  • Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.
  • Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 28-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

I, II, III турдун жыйынтыгы менен жалпысынан 693 талон катталып, ЖОЖдор 656 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 554 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10045