Өзгөндө кыздар суукка карабай бийлеп, директору эскертүү алды. Видео
RU

Өзгөндө кыздар суукка карабай бийлеп, директору эскертүү алды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-январда Ош облусунун Өзгөн районунда №38 Садыр Эшматов атындагы орто мектептин ачылыш аземи болду. Анда эки окуучу кыз жетекчилерди тосуп алышса, дагы бир нече кыз жука көйнөкчөн бийлешкен.

Видео социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратты.

Кийинчерээк Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү комментарий берип, имараттын курулушу көп жылдарга созулганын билдирди. Бул убакыттын ичинде балдар эски мектепте окушкан. Жаңы имарат 220 орунга ылайыкталган, бардык шарттары менен курулган.

Ал эми мектептин жаңы имаратынын ачылышына облустук, райондук жана коомдук уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү катышты.

"Ачылыш азем концерттик программа менен коштолуп, ага райондук маданият үйүнүн кызматкерлери катышкан, окуучулар тартылган эмес. Салтанат аяктагандан кийин коноктор мектептин ичине киришкен, ошол учурда сырттагы окуучу кыздар өздөрү бийлешкен. Алардын бийи программада жок болчу. Мындан улам иш-чарага толук кандуу көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн мектеп директоруна эскертүү берилди", - дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10046