"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы банкрот деп табылды
RU

"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы банкрот деп табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эйр Кыргызстан" ишканасы соттун чечими менен банкрот болду деп табылды. Бул туурасында 23-январда Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов айтты.

Буга байланыштуу авиакомпания Кыргызстанда 2023-2025-жылдарга карата мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоорунан чыгарылган деди Макешов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10047