Бүгүндөн баштап Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө чектөө кирди
RU

Бүгүндөн баштап Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө чектөө кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-январда Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилди. ИИМдин маалыматына ылайык, чектөө эртең, 27-январда да болот.

Белгилесек, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Бишкекте болот.

Өлкөгө келген делегациянын кортежинин каттамы учурунда төмөнкү көчөлөрдө чектөө болот:

  • "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин;
  • Фучик көчөсү Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов кең көчөсү Мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.

"Мамлекеттик маанилүү иш-чаранын өтөрүнө байланыштуу шаар тургундарын, меймандарын чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала маршрут түзүп алууга чакырабыз. Ошондой эле жогоруда аталган көчөлөргө унааны токтотпоону суранабыз", - дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10053