"Мен сынбайм эч качан". Абдил Сегизбаев УКМКнын СИЗОсунда дагы эки айга калат
RU

"Мен сынбайм эч качан". Абдил Сегизбаев УКМКнын СИЗОсунда дагы эки айга калат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаевге жаза чарасы дагы эки айга создуктурулду. Мындай чечимди бүгүн, 19-мартта Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Санкция боюнча сот жыйынтыкталгандан кийин ал, аны эишктин түбүндө күтүп жаткан уулун кучактады. Тегеректе тургандар кол чаап жиберишти.

Сегизбаев чындык алар тарапта экенин айтты. Аны колдоп келгендер "Боштондук!" деп кыйкырып, сүрөп турушту.

"Бийлик мени сынат деп ойлоп жатат, мен сынбайм эч качан! Чындык биз тарапта", - деди ал.

Эске салсак, Сегизбаевге карата эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси Сегизбаев өзү жашап жүргөн Кой-Таш айылындагы жайыт жерлерди мыйзамсыз менчикке чыгарып алды имиш, деген айып менен, ал эми экинчиси "Белизгейт" арызы боюнча. Ал КРдин Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде козголгон. ЖКнын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текеебаевди калктын алдында атайын дискредитациялоо жана кылмыш жасады, деген айыптоо фактысы боюнча.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1005