Акжол Махмудов олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов менен беттешет
RU

Акжол Махмудов олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов менен беттешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов россиялык Роман Власов менен беттеш өткөрөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, беттеш апрель айында өтөт.

Спортчулар 77 килограмм салмак категориясында күч сынашат. Беттеш эл аралык "Poddubny Wrestling League" күрөш лигасынын алкагында өтөт.

Белгилей кетсек, "Poddubny Wrestling League-3" беттеши Бишкек шаарында өткөн.

Роман Власов эки жолку Олимпиада чемпиону.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10075