Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору арыз жазып, кызматтан кетти
RU

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору арыз жазып, кызматтан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, Нуртазин Жетыбаев өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулду.

Анын ордуна Мырзабек Жыпаркулов Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Ал буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10078