Бишкектеги көчөлөрдүн биринен желим ящикке салынган ымыркай табылды
RU

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен желим ящикке салынган ымыркай табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19-мартта, болжол менен саат 17:30да Салиев көчөсүнөн жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Kaktus.media'га укук коргоочу органдар билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, Салиев көчөсүнөн, номер 271 үйүнүн жанынан көк желим ящикке салынып, ак жалаякка оролгон ымыркай табылган. Аны биринчи болуп, көчөдөн өтүп бараткан аял таап, дароо милицияга телефон чалган.

Ымыркай азия улутундагы, алты саны аман кыз экен. Кичинекей кыз балдар үйүнө өткөрүп берилди, - деп укук коргоочу органдар маалымдашты.

Учурда тергөө иштери жүрүп, ымыркайдын энесине издөө салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1007