Ош мамлекеттик университетинин клиникасында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды
RU

Ош мамлекеттик университетинин клиникасында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ОшМУнун медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын сайтында айтылат.

Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов менен биргеликте жасады.

"ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саат созулду. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказынан операцияны ийгиликтүү жасадык", - деди врач-хирург Жанек Белеков.

ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.

2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай "Тез жардам" унаасын да сатып алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10090