Ноокатта кафеде отурган 7 жашар балага белгисиз киши кол көтөрдү
RU

Ноокатта кафеде отурган 7 жашар балага белгисиз киши кол көтөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокатта тамактануучу жайда 7 жаштагы баланы белгисиз жаран урду. Учурда бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын Ош ОИИБден кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 27-январда социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видео жарыяланган. Бул факты боюнча Ноокат РИИБдин кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис чара көрүлгөн.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 26-январда саат 19:20 чамасында Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан "Элдос" кафесинде 7 жаштагы М.Аны 30 жаштагы О. уулу Т. уруп, денесине жараат келтирген. Балага карата соттук- медициналык экспертиза дайындалып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө .

Милициядан кошумча маалымат берилерин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10104