Обончу жана аткаруучу Абас Чикеев дүйнө салды
RU

Обончу жана аткаруучу Абас Чикеев дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан улам дүйнө салды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашкандай, Чикеев 27-январда каза болду.

Өмүр баяны:

  • Абас Чикеев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган.
  • 1963-жылы Республикалык Эл чыгармачылыгы үйүнүн аккордеончулар курсун бүтүрүп, 1964–1967-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.
  • 1967–1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1969-жылы радиодо диктор, 1971-жылы Ысык-Көл радио-телеберүүсүндө башкы диктор болуп иштеген.
  • 1977-жылы Кыргыз телерадиокорпорациясына радионун диктору жана телерадиосунун оркестрине жана хоруна солист болуп которулган.
  • 1980–1985-жылдары Кыргыз мамлекеттик орус тили жана адабияты педагогикалык институтунан, 1986–1991-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган.
  • 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

Kaktus.kg редакциясы Абас Чикеевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10106