Эки айдан бери уулун таппай жаткан эне коомчулуктан жардам сурайт
RU

Эки айдан бери уулун таппай жаткан эне коомчулуктан жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Жолдош уулу Нурлан эки айдан бери дайынсыз болууда. Ал бүгүнкү күнгө чейин табылбай жатканына байланыштуу апасы жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Ленин РИИБдин маалыматына ылайык, 1996-жылы туулган Жолдош уулу Нурлан 26-няобрда Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 23-декабрда апасы милицияга кабар берген.

Бул факты каттоого алынган.

Жолдош уулу Нурландын белгилери: бою 170-175 сантиметр, көздөрү күрөң, мурду кырдач, психикалык жактан жабыркайт.

Эгерде сүрөттөгү жаранды көргөн, билгендер болсо маалымат берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-605,0(553) 102-465, 0(703) 401-600, 0(705)450-553,0(553)102-880 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10108