Бакыт Төрөбаев: Быйыл 50гө жакын чакан ГЭСтерди куруу зарыл
RU

Бакыт Төрөбаев: Быйыл 50гө жакын чакан ГЭСтерди куруу зарыл

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Анда министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын 2022-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2023-жылга карата иш пландары жөнүндө баяндамалар угулуп, талкууланды дешет Министрлер кабинетинен.

Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компаниялар эгерде узак мөөнөткө чейин иш баштабаса, министрликке алардын маселесин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле президенттин тапшырмасына ылайык, ушул жылы 50гө жакын чакан ГЭСтерди куруу зарыл экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, 2023-жылга коюлган ар бир иш план өз убагында аткарылуусу керектигин баса белгилеп, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду кыска убакыттын ичинде ишке ашырууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10131