Пакистанда мечиттеги жардыруудан каза болгондордун саны 83кө жетти
3453
Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте 30-январда жардыруу болду. Бул тууралуу бир катар чет элдик басылмалар жазышты.
Аталган өлкөнүн бийлигинин маалыматы боюнча, 83 адам каза болуп, 150дөн ашууну жарадар болгонун Meduza жазды. Алардын көбү полиция кызматкерлери. Мечит полиция кеңсеси жана башка мамлекеттик имараттар жайгашкан аймакта болчу.
slide 2 of 4
Пешавардагы буга чейинки ири кол салуу 2022-жылдын март айында болуп, мечитте жанкечтинин жардыруусунан кеминде 58 киши каза болуп, 200дөй киши жарадар болгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10134