Блогердин видеосунан кийин Караколдогу бак кыюу фактысы текшерүүгө алынды
RU

Блогердин видеосунан кийин Караколдогу бак кыюу фактысы текшерүүгө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Ысык-Көл облусунун Каракол токой чарбасында мыйзамсыз бак кыюу фактысы боюнча видео тараган. Жаратылыш ресурстар министрлигинен Биоресурстар департаменти коомчулуктун нааразычылыгын эске алуу менен бул фактыны көзөмөлгө алганын маалымдашты.

"Ысык-Көл-Нарын аймактык башкармалыгынын инспекторлору Токой изилдөө илимий-өндүрүштүк борборунун окумуштууларынын катышуусунда 2012-жылдын 1-апрелинде белгиленген талаптардын сакталышын текшерип жатканын маалымдайбыз. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилет", - дешет маалымат кызматынан.

Белгилесек, саякатчы-блогер Николай Гладков Караколдогу Арашан тилкесинен видео жарыялап, бак-дарактар кыйылып жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10146