Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү үйгө жеткирүү кызматы ишке кирди
RU

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү үйгө жеткирүү кызматы ишке кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-февралдан тарта туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү үйгө жеткирүү кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашат.

Жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү мамлекеттик электрондук сервистер порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн каттоо менен бирге документти көрсөтүлгөн дарекке жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Онлайн каттоо кызматы төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:

  • туулгандыгы тууралуу актты каттоо үчүн кайрылуу;
  • банкты тандоо менен сүйүнчү пул алуу үчүн арыз толтуруу;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөмдүн дүмүрчөгүн онлайн алуу;
  • басып чыгарылган күбөлүктү алуу үчүн ыңгайлуу болгон калкты тейлөө борборун көрсөтүү;
  • үйгө жеткирүүнү буюртма кылуу.

Мындай онлайн режиминдеги кызматты алуу үчүн калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилген электрондук булут кол тамгасы болушу керек.

Кызмат үчүн QR кодун колдонуу менен Elkart Mobile, RSK 24, Kompanion Wallet, MyHalyk, Bakai24, Demir24, Elsom KICB, AB24, O!Dengi, "KG Balance", Namba One жана M-Bank мобилдик тиркемелери аркылуу төлөм жүргүзсө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10150