Чет өлкөдө кылмыш жасаганга шектүү Оштогу мейманкада жашынып жүргөн
RU

Чет өлкөдө кылмыш жасаганга шектүү Оштогу мейманкада жашынып жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коңшу өлкөдө кылмыш жасоого шектелген кытай жараны Ош облусунда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашат.

Маалым болгондой, 44 жаштагы Чж. Д. аттуу кытай жараны Өзбекстандын аймагында кылмыш жасап, изин жашыруу максатында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн.

Ал Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөндө 26-январда кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10162