Кадыр Маликов Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директоруна кеңешчи болду
RU

Кадыр Маликов Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директоруна кеңешчи болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадыр Маликов өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында аталган комиссиядан кабарлашты.

Кыскача өмүр баяны:

  • Кадыр Маликов 1972-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.
  • Азирети Умар атындагы Ислам институтунда диний билим алган. Андан соң Пакистандагы Абу Ханифа Ислам окуу жайын бүтүргөн. 1997-2005-жылдар аралыгында Иордания университетинин шарият факультетин аяктаган. Кийин Испанияда Complutense de Madrid университетинин атайын курсун бир жыл окуп билимин жогорулаткан. 2007-жылы Испаниянын Autonoma университетинен докторлук даражага ээ болгон.
  • 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мыйзамын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамында болгон.
  • 2017-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенген.
  • 2020-жылы Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалып, 2021-жылы июль айында кызматтан кеткен.
  • "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борборунун директору.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы - дин жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны жүзөөгө ашыруу боюнча иш жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын дин жаатындагы ишмердүүлүгүн координациялаган борбордук органы болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10164