Жылдыздуу жубайлар Асел Кадырбекова жана Нурлан Насип ажырашат
RU

Жылдыздуу жубайлар Асел Кадырбекова жана Нурлан Насип ажырашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип эки башка жолго түшүшөт.Бул маалыматты ырчы айым өзүнүн Instagram баракчасынан, катталуучунун суроосуна жооп берип жатып тастыктады.

Ырчынын баракчасына катталуучулардын бири "Асел, силерди ажырашты деген чынбы? Эч качан андай жолго барбагыла. Ортодо бала бар, чыдасаң бары өтөт, сен жеңесиң", - деп жазган.

"Чын! Официалдуу ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз. Өзүмө толук келип, көзүм жакшы көрө баштаганда расмий ажырашам", - деп Асель Кадырбекова жооп берди.

Эске салсак, Асель Кадырбекова 2020-жылы июнь айында болжол менен саат 15:30да Медеров - Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсыктан жабыркаган. Кийин Нурлан Насип жубайын сүзгөн жаранды кечкенин билдирип, болгону Аселдин машинесинин ордун тургузуп берүүну суранганын айткан. Аны дарылоого каражат керек эмес, деп маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1016