Сузакта 5 киши диний-экстремисттик уюмдан эл алдында баш тартышты
RU

Сузакта 5 киши диний-экстремисттик уюмдан эл алдында баш тартышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан Сузак районунун 5 тургуну тургуну баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КРда диний-экстремисттик уюмдарга каршы аракеттенүү профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын алкагында экстремисттик идеологиядан 5 киши эл алдында баш тартышты. Алар: 1975-жылы туулган Б.Х.М., 1965-жылы туулган Ю.С.Х., 1979-жылы туулган М.М.Н., 1979-жылы туулган Б.И.И жана 1980-жылы туулган Н.А.Т. Сузак районунун тургундары.

Кармалгандар мурда "Хизбут-Тахрир" уюмдун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган багыттын туура эместигин моюнга алып, уюмдун кайрылууларына алдырбоого чакырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10173