Бишкекте айрым кафелер тойлорду, куран окутууларды өткөрүүдөн баш тартты
RU

Бишкекте айрым кафелер тойлорду, куран окутууларды өткөрүүдөн баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги айрым чайкана, кафелер той-топурларды, куран окутууларды өткөрүүдөн баш тартышты. Мындай маалыматты бүгүн, 2-февралда борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Ленин жана Свердлов райондук акимчиликтеринин өкүлдөрү "Жибек-Жолу", "Фаризат", "Мансур" кафелеринин, "Гранат" чайканасынын, "Ават" банкет залынын жана башка ири кафелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, келишим түзүштү.

Келишим боюнча, ысырапкорчулук менен коштолгон үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, курман болгондордун жаркын элесине арналган эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтпөө талаптары коюлган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү президенттин "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу чаралары жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууга багытталган акимчиликтин иш-чараларын колдошту.

Ишкерлер мечиттердин имамдарын чакырып, диний жөрөлгөлөрдү, Орозо маалындагы ооз ачуу сыяктуу иш-чараны уюштурууну каалаган адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсунушун айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10175