6-февралдан тарта карызы бар бишкектиктердин электр жарыгы өчүрүлөт
RU

6-февралдан тарта карызы бар бишкектиктердин электр жарыгы өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте электр энергиясына карызы бар абоненттер көбөйдү. Мындан улам 6-февралдан тарта электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасы карызы бар 7 миңден ашык абонентти дистанттык түрдө өчүрөт. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрь айында жана 2023-жылдын январында катуу суукту эске алып, карызы бар абоненттердин жарыгын өчүргөн эмес.

"Дебитордук карыздын өсүүсү электр тармактарын жана жабдууларды тейлөөгө түздөн-түз таасирин тийгизерин белгилейбиз", - дешет ишканадан.

Электр энергиясына карызыңыз бар же жок экенин кантип билүүгө болот?

  • компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмүнөн;
  • "Менин жарыгым" мобилдик тиркемесинен;
  • күнү-түнү иштеген 1209, 0772 00 12 00, 0702 00 12 09, 0556 00 12 09 номерлерине чалып;
  • WhatsApp (0556 00 12 09) аркылуу билсеңиз болот.

Абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTC ("Кассир-24"), Megacom, O!, "Оңой" төлөм терминалдары аркылуу, анын ичинде O!, MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары аркылуу төлөй алышат. "РСК Банк", "Керемет Банк", "Дос-Кредобанк", "Бакай Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык Банк", "KICB", "Оптима Банк" жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларында электр энергиясы үчүн төлөмдөр кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10187