Өзүнүн таанышын өлтүрдү деп шектелген аял кармалды
RU

Өзүнүн таанышын өлтүрдү деп шектелген аял кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылып, бычактан алган жараттан каза болгондугу аныкталган. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130- (Адам өлтүрүү) беренеси боюнча КЖБРге катталган.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Москва районунун ИИБсинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган адам, өлтүрүлгөн адам экөөнүн ортосундагы мас абалда чыккан чыр-чатактан улам ага бычак менен кол салган. Учурда шектүү Москва районунун ИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1018