Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын мыкты спортчусу болду. Спортчулар сыйланды (сүрөт)
RU

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын мыкты спортчусу болду. Спортчулар сыйланды (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылда ийгилик жараткан мыкты спортчулар сыйланды. Салтанаттуу иш-чара 4-февралда мамлекеттик резиденциясында өтүп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

"2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтердин жана жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм. Мамлекет спорт тармагын колдоого жана каржылоого бардык күч-аракетин жумшады. Биздин сыймыктуу жана кайраттуу спортчуларыбыздын жеңишке жетүүдөгү майтарылбас эрки жалпыбыз үчүн бир гана алга умтулууга стимул болуп калды", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Белград шаарында (Сербия Республикасы) өткөн дүйнө чемпионатында спортчуларыбыздын жетишкендиктерин баса белгилеп, 2022-жылы Жоламан Шаршенбеков жылдын мыкты спортчусу деп табылгандыгын белгиледи.

Акылбек Жапаров спортчулардын машыктыруучулар курамына өзгөчө басым жасады.

"Сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт. Спорт тармагындагы жетишкендиктер өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүп жаткандыгын гана далилдейт. Бул чек эмес. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында үмүттү актайсыздар деп терең ишенем", - деп жыйынтыктады.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10200