Кызматкерлердин эмгек акысын өз кызыкчылыгына пайдаланган жетекчи аныкталды
RU

Кызматкерлердин эмгек акысын өз кызыкчылыгына пайдаланган жетекчи аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акыларын өз кызыкчылыгына пайдаланган. Бул тууралуу Нарын прокуратурасы билдирди.

Нарын областынын прокуратурасы тарабынан Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында, мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарды жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен жалпы суммасы 3 млн. 062 миң 330 сом акча каражатын банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган.

Натыйжада, кызмат адамдарынын кылмыштык аракеттеринин кесепети менен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталды жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган жалпы суммасы 3 062 330 сом акча каражатты мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө, деп билдирүүдо жаызлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1020