Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп бааланды
RU

Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп бааланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Анда ведомствонун ишмердүүлүгүнө канааттандырарлык эмес деген баа берилди.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп баалоону сунуштайм. Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тутумунун ишине мамлекет жетекчилиги да, жарандар да ыраазы эмес. Бул тармакта көйгөйлөр жана кемчиликтер жетиштүү. Жакынкы жылдары саламаттык сактоо системасын каржылоо көлөмү бир кыйла көбөйтүлөт. Келерки жылы 600 млрд сомдон ашык консолидацияланган бюджет боюнча план белгиленген, каражаттын басымдуу бөлүгү саламаттыкты сактоого багытталат. Жакынкы 2 жылда саламаттыкты сактоо тармагындагы абал кескин өзгөрөт", - деди Эдил Байсалов.

Коллегиянын жыйынтыгында бир катар медициналык мекемелердин жетекчилери кызматтан бошотулду:

  • Оштогу аймактар аралык онкология борборунун директору М.И.Молдоев;
  • ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Ж.Б.Зупаров;
  • иштеги аныкталган кемчиликтери үчүн Бишкек шаарынын №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Р.Т.Назиралиев.

Андан тышкары республиканын бир катар саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери административдик жазага тартылды:

  • ишиндеги жана кадрдык иштерди жүргүзүүдөгү айрым кемчиликтери үчүн Ош облусу жана Ош шаары боюнча саламаттыкты сактоо координатору Ш.Т.Абдурахмановго эскертүү берилди;
  • "Инфодокс" системасын ишке киргизүүгө жетишсиз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн Оштогу стоматологиялык клиниканын директору Т.Т.Төрөкановго сөгүш жарыяланды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10224