Баткенде соттун катчысы 300 миң сомду кайтарып жатканда кармалды
RU

Баткенде соттун катчысы 300 миң сомду кайтарып жатканда кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери тарабынан Баткен облустук сотунун катчысы кармалды. Ал акча алуу менен оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө жардам берүүнү убадалаган дешет комитеттен.

Белгилүү болгондой, Баткен облустук сотунун катчысы Х. уулу Ш. жаранга 300 миң сомду кайтарып берип жатканда кармалды. Ал соттук иштин оң жакка чечилишине көмөк көрсөтүүгө убада берген.

Бул факты боюнча 342-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (пара алуу) боюнча иш козголуп, учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10226