Россиялык компания Бишкек ЖЭБдеги чыпкаларды текшере алган эмес. Себеби
RU

Россиялык компания Бишкек ЖЭБдеги чыпкаларды текшере алган эмес. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Техникалык аудит жүргүзгөн россиялык компания Бишкек ЖЭБдин чыпкаларын текшере алган эмес. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБ 10 жылда бир эле жолу текшерилген.

"Абанын булганышынын негизги себептеринин бири - ЖЭБ. Өткөн жылы биз россиялык компанияга акысыз техникалык аудит жүргүзүп берүүнү тапшырганбыз. Жыйынтыгы 30-январда келди. Анда 12 от казан текшерилген. №3 от казандан чыккан түтүндүн деңгээли нормадан 9 эсеге, №4 от казандан чыккан түтүн 7 эсеге көп болгон. Техникалык текшерүү учурунда электр фильтрлери иштеген эмес", - деди Кутманова.

Министр күтүүсүз текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10228