"Унаада неберем менен келиним". Караколдо адам уурдоого аракет жасагандар кармалды
RU

"Унаада неберем менен келиним". Караколдо адам уурдоого аракет жасагандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Караколдо келинди баласы менен уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 6-февралда Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда белгисиз адамдар 19 жаштагы келинди бир жаштагы баласы менен унаага күч менен салып, белгисиз тарапка алып кетишкени айтылган.

Райондо "Перехват" планы киргизилген. Көп өтпөй милиция кызматкерлери унааны жана анын ээсин, ошондой эле балалуу келинди уурдап кеткен жерди табышкан.

Унаа "Аалам Ордо" аймагында токтотулуп, айдоочу жана жүргүнчүлөр Каракол ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

19 жаштагы келин сурак учурунда мурунку күйөөсү менен кайнатасы аларды алып кетүүгө аракет кылышканын айткан.

Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10229