Бишкекте бейтап тамчылатып дары коюудан каза болду. Министрликтин маалыматы
RU

Бишкекте бейтап тамчылатып дары коюудан каза болду. Министрликтин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги 3-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бейтап тамчылатып дары коюудан каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен окуянын чоо-жайын айтышты.

Маалыматка ылайык, 8-февралда Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментине "Апротинин" препаратын тамырга тамчылатуудан өлүмгө алып келген терс реакция катталганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

6-февраль күнү С.А. аттуу бейтап 3-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ичи өтүп, ооруп жатканын айтып кайрылган. Дарылоочу дарыгер "курч баскычтагы өнөкөт панкреатит, өнөкөт гастрит" деген диагноз койгон. Дары парентералдык түрдө дайындалган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, дарыны берип баштаганда эле бейтаптын абалы начарлап, дарыгерлер тамчылатууну токтотушкан. Шашылыш түрдө медициналык жардам көрсөтүшкөн.

"Тез жардам" кызматы чакыртылып, жардам көрсөтүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес. Саат 11:15те биологиялык өлүм аныкталган. Маркумга экспертиза дайындалып, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча өлүмдүн себеби аныкталат. Эксперттер дары Кыргыз Республикасында катталганын, сериясы сапаттык баалоодон өткөнүн белгилешет", - дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10251