Коррупцияга каршы бирикменин мүчөсү пара алып жатканда колго түшүрүлдү
RU

Коррупцияга каршы бирикменин мүчөсү пара алып жатканда колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда "Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам" бирикмесинин мүчөсү кармалды. УКМКдан билдиришкендей, ал пара талап кылуу учурунда колго түшүрүлгөн.

Белгилүү болгондой, "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражатын алып жаткан жеринен "Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам" бирикмесинин инспектору Т.Г.Б. кармалды.

Коомдук бирикменин мүчөсү Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун колундагы компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деп коркутуп, акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалашты коопсуздук комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10257