Айыл өкмөтүнүн башчысы мектептин имаратын 27 миң сомго сатып салган
RU

Айыл өкмөтүнүн башчысы мектептин имаратын 27 миң сомго сатып салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда айыл өкмөтүнүн башчысы кароосуз калган эски мектептин имаратын 27 миң сомго сатып салган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, Озгур айыл өкмөтүнүн Төлөйкан чарбачылыгынын жетекчиси Зулпукар Мазаев айылдагы эски мектептин имаратын аукциондон 27 миң сомго сатып салган. Ошол эле учурда, айылдын жаштары балдар үчүн спорт зал курууга каражат чогултуп жатканын билчү. Жаштар айыл өкмөтүнө кайрылып, эски имаратты бузуп анын ордуна спорт зал салалы, деп бир нече жолу кайрылышкан, - деп айылдыктар айтып беришти.

"Биздин маалыматыбыз боюнча мектептин имаратын 27 миң сомго Мазаевдин кайын агасы сатып алды. Бул айыл өкмөтү мектепти сатууга кызыкдар болгонун дагы бир ирет айгинелеп турат", - деп жергиликтүү тургундар арызданышты.

Озгурлуктардын эсептөөлөрү боюнча мектептин минималдуу баасы 400 миң сом. Имараттын калыңдыгы эки кирпич, учурда кирпичтин базар баасы 7-8 сом экенин эске алып, аны 80 миң кирпичке көбөйтсө 560 миң чыгып жатат.

"Мектептин сатылып кеткенин жакында эле билдик. Көрсө гезитке жарыя берген экен. Бирок азыркы күндө ким гезит окуп жүрүптүр? Айыл башчысы атайы эч кимге аукцион тууралуу айткан эмес. Болбосо жаштар 27 миң сомго бул имаратты сатып алууга дарамети жетмек. Биз 100 миң сом бергенге даяр болчубуз", - дешти алар.

Айылдын активдүү тургундары аукциондун жокко чыгарылышын талап кылышууда. Алардын пикри боюнча, мектеп жаштарга сатылып, эски имараттын кирпичинен өндүрүлгөн каражатка балдар үчүн спорт зал салынууга тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1025