Мамкурулушка жакында эле кызматка барган Дастан Жапаров иштен алынды
RU

Мамкурулушка жакында эле кызматка барган Дастан Жапаров иштен алынды

Все самое интересное в Telegram

Мамлекеттик курулуштун директорунун орун басары болуп дайындалган Дастан Жапаров ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан Kaktus.media сайтына ырасташты.

Ал эми 2-февралда Жапаровдун ордуна директордун орун басары болуп Алтынбек Бегалиев дайындалганы белгилүү болду.

Дастан Жапаровдун кызматтан алынышынын себептери белгисиз.

Резюме:

  • Туулган жылы: 7-март, 1993-жыл.
  • Билими: Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институту (2011-2016).
  • Эмгек жолу: 2014-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасында кызматтарды аркалаган. 2022-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коррупциянын алдын алуу боюнча комиссары кызматын аркалаган.
  • Студент кезинде эле прокуратурада иштей баштаган. Ал жерде бир нече жыл иштеп, 2022-жылы 15-декабрда Мамкурулушка ишке орношкон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10261