Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу Бишкекте өттү
RU

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу Бишкекте өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, кийинки жолугушуу Тажикстанда пландалууда.

Тараптардын дипломатиялык макулдашууларына ылайык, 3-9-февраль аралыгында Бишкекте Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10265