Жалал-Абадда хирургдар бейтаптын башындагы окту ийгиликтүү алышты
2138
Жалал-Абадда нейрохирургдар башына ок тийген жаранды аман алып калышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиршкендей, бейтап ооруканага ачык жаракат менен түшкөн.
slide 3 of 2
Нейрохирургдар чукул түрдө татаал операция жасашты. Медицина илимдеринин кандидаты, облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Абдибайит Идирисов жана анын командасынын жардамы менен бейтаптын өмүрү сакталып калды.
Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10276