Шоу-бизнестеги чуулгандуу ажырушуулар. Нурлан Насип, Анжелика, Элдияр Кененсаров
RU

Шоу-бизнестеги чуулгандуу ажырушуулар. Нурлан Насип, Анжелика, Элдияр Кененсаров

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, жана блоггер Асель Кадырбекова, өзүнүн Instagram баракчасынан катталуучунун суроосуна жооп берип жатып Нурлан Насип менен ажырашып жаткандыгын тастыктады. Ошондон улам Kaktus.media редакциясы Кыргызстандагы жылдыздардын социалдык тармактарда талкууга түшкөн чуулгандуу ажырашуулары тууралуу жазууну чечти.

Асел Кадырбекова жана Нурлан Насип

Ырчынын баракчасына катталуучулардын бири "Асел, силерди ажырашты деген чынбы? Эч качан андай жолго барбагыла. Ортодо бала бар, чыдасаң бары өтөт, сен жеңесиң", - деп жазган.

"Чын! Официалдуу ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз. Өзүмө толук келип, көзүм жакшы көрө баштаганда расмий ажырашам", - деп Асель Кадырбекова жооп берген.

Мындан мурун деле ажырашыптыр деген имиштер жаралган. Бирок жубайлар чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, бул маалыматты төгүндөшкөн. Андан кийин Асел автокырсыкка туш болуп Нурлан Насип жубайынын жанында жүрдү.

Эске салсак, алар 2018-жылдын 10-майында үйлөнүшкөн. 8-апрелде сөйкө салынып, андан кийин жаштар Бишкекте жана Ошто ийгиликтүү концерт беришкен. Коомчулук жаш келиндин үлпөт көйнөгүн бир топко чейин талкуу кылышкан. Айрым колдонуучулардын айтымында көйнөгүнүн баасы $5 миңди чапчыган. Баалу таш менен жасалгаланган көйнөктү Россия жана Казакстан аймагындагы атактуу дизайнер Наиль Байкучуков тиккен.

Анжелика жана Урмат Бекболиев

Ырчы жана алып баруучу Анжелика 2018-жылдын башында чоң жаңжалдын чордонунда болду. Аны үй-бүлөлү эркек менен сүйлөшүп жүрөт, деп айыпташты. Бул окуядан кийин ырчы күйөөсү менен ажырашып кеткен.

"Бул дүйнөдө ажырашкан биз эле эмеспиз. Жашоо улана берет. Башкысы, бардыгыбыз аман-эсенбиз. Менин жеке жашоом коомдо түрдүу ушак-кептерди жаратып шоуго айланганы кейиштүү. Сураныч, ар кимиңер өз жашооңор менен жашагылачы", - деп ырчы өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Андан бери Анжелика бир нече жолу жүрөгү бош эмес экенин айтып, колун сурагандыгын билдирип, сүрөттөрдү жарыялаган.

Элдияр Кененсаров жана Камила Абдил

"Азия MIX" тобунун резиденти Элдияр Кененаров жана анын жубайы Камила Абдил 2018-жылы ажырашышкан. Бул жаңылыкты Камила өзүнүн баракчасына жазган.

"Мен балким көпчүлүктүн кулагынын кужурун алган сөздү айтат болсом керек, бирок биздин учурда экөөбүз эки ажырым жолго түшүп, бири-бирибизди таптык. Бул чоңдор кеп кыла турган тема. Экөөбүз тең ички коркуу сезимдерибиз менен иштедик. Биз ааламдын толкундарын сездик, бирибиз үчүн бул Аллах болду, бирибиз үчүн жаратуучу, башкабыз үчүн Кудай. Ал дагы, мен дагы ошол жолду басып өттүк. Биз чынында бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Түшүнүктүү дечи, биз азыр эрди-катын эмеспиз, бирок биздин мамилебиз болуп көрбөгөндөй жакшы. Балдар да муну сезип жатышат, бул нерсе мени кубандырат", - деп Элдияр Кененсаров интервью учурунда айтып берген.

Кененсаров анын жубайы балдар менен Москвада жашап жаткандыгын белгилеп, өзү көбүн эсе Алматыда жана Кыргызстанда боло тургандыгын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1029