Милициянын кайгуул кызматынын жетекчиси алмашты
RU

Милициянын кайгуул кызматынын жетекчиси алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Авазбек Досов дайындалды. Ал Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өздүк курамына тааныштырылды. Маалыматты кайгуул кызматынан кабарлашты.

Авазбек Досов буга чейин Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген.

Ал эми Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгын буга чейин жетектеген Алмазбек Исаков Талас облусу боюнча Жол кайгуул кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Ага чейинки жетекчи Максат Барпиев Ысык-Көл облусу боюнча Жол кайгуул кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле Узакбек Шергазиев Ош облусу боюнча Жол кайгуул кызматынын башчысы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10311