Кантта пакистандык жарандын үйүнөн баңгизат уурдалган. Шектүүлөр жана арыз ээси кармалды
RU

Кантта пакистандык жарандын үйүнөн баңгизат уурдалган. Шектүүлөр жана арыз ээси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө милиция кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз жүгүрткөн чет өлкөлүк топту кармашты. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, 7-февралда Ысык-Ата РИИБне Кант шаарында жашаган 1998-жылы туулган С.З. аттуу Пакистандын жараны кайрылган. Ал 1-2-февраль күндөрү белгисиз адамдар үйүнүн эшигин бузуп кирип, жашыруун түрдө 10 000 доллар, 2 даана MacBook жана iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты 205-берененин (уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан Пакистандын жарандары: 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. кармалды. Алар сурак учурунда С.З`нын үйүнөн баңгизатын уурдагандыгын, башка эч нерсе албагандарын билдиришкен.

9-февралда аталган кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, 286-берененин (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, 1504 граммды түзгөн Гашиш-афган чарсы табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө арыз ээси С.З. Пакистандан алып келинген баңгизатты Кыргыз Республикасында жашаган мекендештерине узак убакыттан бери сатуу менен алектенгени аныкталган. Анын үйүнөн 55 грамм гашиш табылды. Бул фактынын негизинде жогоруда аты аталган жарандар Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10313