Садыр Жапаровдун Венгриядагы иш сапары жыйынтыкталды
RU

Садыр Жапаровдун Венгриядагы иш сапары жыйынтыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапары аяктап, Бишкекке келди. Бул туурасында президенттин администрациясынан маалымдашты.

Расмий иш-чаралар Будапешт шаарынын Лайош Кошут аянтында Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новактын расмий жолугушуу аземинен башталды.

Садыр Жапаров менен Каталин Новак чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияны кабыл алышты. Ошондой эле кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондой элеөлкө башчы Каталин Новакты өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Венгриянын Улуттук Жыйынынын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуп, парламенттин имаратын көрүп чыкты.

Мындан тышкары мамлекет башчы Кыргызстандагы белгилүү архитектор Ласло Месароштун неберелерине анын үй-бүлөлүк сүрөттөрүн, ошондой эле республикалык архивден алынган алардын чоң энеси Вильма Ковачтын өмүр баянындагы ак тактарды көрсөткөн документтерди өз колу менен тапшырды.

Иш сапардын экинчи күнүндө ппрезидент венгриялык жана кыргызстандык ири компаниялар катышкан венгер-кыргыз бизнес-форумунун ишин ачып берди.

Андан соң Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Эки тарап тең өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мамлекет башчысы энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган "Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd" компаниясынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Бул компания менен Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында кызматташуу күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10341