Сириядан 59 кыргызстандык репатриацияланды
RU

Сириядан 59 кыргызстандык репатриацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Айкөл" гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядагы жаңжал болгон аймактан Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдар жана аялдар Кыргызстанга келишти. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, бүгүн, 16-февралда эртең менен Сириядан атайын учак келди.

Анда 18 аял жана 41 бала репатриацияланды. Алар менен кошо УКМКнын, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери да келишкен.

Келген балдар бейпил жана коопсуз чөйрөгө адаптация болуп, жардам алуу үчүн реабилитациялык борборго жайгаштырылат.

Мекендештерди президенттик аппараттын кырдаалдык борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек министрлигинин башчысы Кудайберген Базарбаев, коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алышты.

Ведомство белгилегендей, мындай масштабдагы репатриация экинчи ирет жасалды.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10357