"Жалгыз жашап жаткан". Чүйдө Медербек Курманкулов өткөн аптадан бери дайынсыз болууда
RU

"Жалгыз жашап жаткан". Чүйдө Медербек Курманкулов өткөн аптадан бери дайынсыз болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 34 жаштагы Медербек Курманкуловдун жакындары коомчулуктан жардам сурайт. Редакциябызга дайынсыз болуп жаткан жарандын жакыны кайрылып, буларга токтолду.

"Медербек Жаңы-Жол айылында үй-бүлөсү менен өзүнчө жашайт. Январь айынын аягында келинчеги төркүнүнө кетиптир. Өзү жалгыз жашап жаткандыктан кайсы саатта, качан чыгып кеткенин так билбей жатабыз. 8-9-февралдан тарта эле телефону өчүк болуп жатты. Унаасы (Audi A6 C4, номери 08KG721II) да жок болуп жатат. Келинчеги, апасы менен деле сүйлөшпөптүр. Такыр байланыш болбогонунан милицияга 11-февралда арыз менен кайрылдык. Азырынча издөө иштеринен жыйынтык жок. Мындан улам элдин жардамы тийип калабы деген үмүт менен кайрылып жатабыз", - дейт Курманкуловдун жакыны.

Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү номерлерге байланышса болот.

Байланыш номери: 0555606508 (апасы), 0708944655 (эжеси).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10358