АКШ президенти Жо Байден Украинаны тынымсыз колдоого убада кылды
RU

АКШ президенти Жо Байден Украинаны тынымсыз колдоого убада кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы суткада Украинада, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу "Би-би-си орус кызматы" жана Meduza жазган маалыматтар.

  • Америка президенти Жо Байден Варшавада сөз сүйлөп, Украинаны тынымсыз колдоого убада кылды. Ал орустарга кайрылып, Батыш Россияга кол салбайт деп билдирди.

  • Владимир Путин Федералдык парламентке кайрылуу жасады. Өз сөзүндө Россиянын президенти Украинадагы согушту Батыш тутантканын белгиледи.

  • Путиндин кайрылуусун чагылдырган россиялык телеканалдардын сайттары DDoS чабуулуна кабылды.

  • Путин Россиянын парламентине кайрылуу жасап жаткан учурда орус аскерлери Херсонду аткылашты. Натыйжада 5 адам каза болуп, дагы 21 адам жаракат алган. Аткылоого турак үйлөр, транспорт аялдамалары жана маанилүү инфраструктуралык объектилер кабылган.

  • Россия стратегиялык чабуулчу куралдар (СЧК) боюнча келишиминен баш тартты.

  • Владимир Путиндин Россиянын СЧК келишимине катышуусун токтотуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин Федерациянын Тышкы иштер министрлиги келишимди токтотуу процесси аяктаганча Москва документтеги өз милдеттенмелерин так аткара турганын билдирди. Ага ылайык, келишим токтотулганча Россия АКШга баллистикалык ракеталарды учуруу боюнча машыктырууларды билдирип туруусу керек.

  • Путин 53-зениттик-ракеталык бригадага ардактуу наам ыйгарды. Ал топко малайзиялык Боингди атып түшүргөн "Бук" комплекси таандык.

  • Журналисттер Кремлдин ички документин алууга мүмкүнчүлүк алышты. Ага ылайык Россия 2030-жылга чейин Беларусь өлкөсүн толук көзөмөлгө алууну пландап жатат.

  • Белгород облусунда аскердик кагылышуу башталгандан берки саботаж боюнча биринчи сот өкүмү чыкты.

  • Пекин менен Москванын мамилеси бекем экенин Кытайдын эң жогорку даражалуу элчиси Ван И Россияга жасаган расмий сапарында билдирди.

Башкы беттеги сүрөт - Украина президентинин басма сөз кызматы / AP / Scanpix / LETA

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10436